Президент Касым-Жомарт Токаев кызматтык милдеттерин аткаруудагы эрдиги жана жан аябастык көрсөткөндүгү үчүн, 16 аскер жана полиция кызматкерин өлгөндөн кийин мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө жарлыкка кол койду.
II даражадагы «Айбын» ордени менен Дастан Адилбай, Дархан Барганаев, Жандос Жагалбаев, Андрей Кабдинов, Рахат Сланбеков сыйланды.
III даражадагы «Айбын» ордени менен Нурболсын Алмасов, Айбат Аманов, Ален Асылханов, Жайык Адилхан, Мейирхан Битим, Ербол Ержанов, Даулет Жупарбеков, Мадияр Кайсаров, Ринат Камбетов, Габдолла Смайылканов, ал эми Адил Нуркенов «Жоокердик эрдиги үчүн» медалы менен сыйланды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков