Казакстандын тышкы иштер министрлиги Ооган элине көңүл айтты

Казакстандын тышкы иштер министрлиги Ооган элине көңүл айтты

Казакстандын тышкы иштер министрлиги Ооганстандагы катуу жер титирөөгө байланыштуу көңүл айтты. Алардын тезирээк кадимки жашоого кайтып келишине тилектеш экенин билдирди. Белгилей кетсек, Ооганстандын чыгышындагы катуу жер титирөөдөн каза болгондордун саны 1000ден ашты, 1500 адам жаракат алды. Аймакта куткаруу иштери уланууда. Адистер жана ыктыярчылар кыйраган имараттардын астында аман калгандарды издеп жатышат. Бийликтеги талиптер эл аралык уюмдардан жардам суроого аргасыз. Буга кошумча өлкөдө дары-дармек менен азык-түлүктүн жетишсиздиги кырдаалды курчутууда.

Рамиз Алакбаров, БУУнун Ооганстандагы гуманитардык маселелер боюнча координатору:

- Биздин командада урандылардын астынан адамдарды алып чыгуу үчүн атайын техника жок. Биз жергиликтүү бийликтин аракетине таянышыбыз керек. Ошондой эле бизге жардам бере турган жалгыз өлкө Түркия. Бул тууралуу биз ушул жердеги элчилик менен сүйлөштүк. Алар расмий кайрылууну күтүп жатышат. Биздин баштапкы эсептөөлөр боюнча, көп тармактуу керектөөлөрдү канааттандыруу үчүн кеминде 15 миллион доллар керек болушу мүмкүн. Тамак-аш, турак-жай гана эмес, суу аркылуу таралган оорулардын алдын алуу маселеси да тынчсыздандырат.

 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков