Казакстан Грузияга экспорттун көлөмүн көбөйттү

Казакстан Грузияга экспорттун көлөмүн көбөйттү

Быйыл Казакстан Грузияга жарым миллион доллардан ашык суммага 300 тоннадан ашык күн карама майын экспорттогон. Ошол эле учурда ата мекендик ишкерлер жер семирткичтерди, буудайды жана татымалдарды жеткирүүнү көбөйтүштү. Белгилей кетсек, 2022-жылдын бугу айында өлкөнүн өкмөттөр аралык делегациясынын Тбилисиге болгон иш сапарынын алкагында, тараптар Казакстандын азык-түлүктөрүн Грузияга жеткирүү боюнча келишимге келген.

Гогита Тодрадзе, Грузиянын Улуттук статистикалык кызматынын аткаруучу мүдүрү:

2022-жылдын 9 айынын статистикалык маалыматтарына караганда, Казакстандан Грузияга импорттун көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 75 пайызга өсүп, 24 миллион доллардан ашты.

Георгий Джахуташвили, Казакстандын Грузиядагы ардактуу консулу:

Биз казакстандык экспорттук продукциянын бардык перспективдүү багыттарын терең изилдеп жатабыз. Казакстандык компаниялар Грузияны Батыш жана Чыгыш рынокторуна өз продукцияларын экспорттоочу жер катары карашы керек. Көрүнүп тургандай, Грузия Казакстанга рынок эмес, логистикалык мүмкүнчүлүк берет.

Ошентип, Казакстанда салттуу түрдө сатылып алынган товарлар Грузиянын рыногунда суроо-талапка ээ. Анткен менен бул өлкөнүн адистери Казакстандын продукциясы кеңири рынокко чыгышы үчүн, Европа менен эркин соода келишими бар, Грузия аркылуу логистикалык байланыштарды чыңдоону жана кеңейтүүнү да сунушташат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков