ЭВФ Казакстандын ИДӨ өсүү болжолун 2,3%га чейин төмөндөттү

ЭВФ Казакстандын ИДӨ өсүү болжолун 2,3%га чейин төмөндөттү

Казакстандын ИДӨнүн өсүшү 2022-жылы 2,3%га чейин төмөндөйт. Бул тууралуу Эл аралык валюта фондунун дүйнөлүк экономика боюнча баяндамасында айтылат. Анда буга чейинки болжолдо өлкөнүн ИДӨнүн 3,8%га өсүшү күтүлгөн. Ал эми 2023-жылы өлкөнүн экономикасы 4,4% жогорулашы мүмкүн. Эл аралык Валюта Фондунун маалыматында, дүйнөлүк ИДӨдүн өсүшү да басаңдайт. Көрсөткүч 4,4%дан 3,6%га азаят. Мунун негизги себептери Украинадагы кырдаал жана өнүккөн жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдөгү инфляциянын жогору болушу.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков