Евразия өнүктүрүү банкы 2024-жылы Казакстандын ИДӨ өсүшү 5% деңгээлинде болжолдоп жатат

Евразия өнүктүрүү банкы 2024-жылы Казакстандын ИДӨ өсүшү 5% деңгээлинде болжолдоп жатат

2024-жылы Казакстандын ички дүң өнүмүнүн өсүшү 5% деңгээлинде сакталат. Мындай божомолду Евразия өнүктүрүү банкы жасады.  Белгилей кетсек, ушул сыяктуу маалыматтар каржылык мекеменин чын куран айындагы талдоосуна да киргизилген. Серепчилердин айтымында, Казакстандын экономикасын ар тараптандыруу боюнча өкмөттүн иш-чаралары экономикада катализатордун ролун ойнойт. Бул орто мөөнөттүү келечекте ИДӨнүн туруктуу өсүү темпин сактоого мүмкүндүк берет. Мындан тышкары, Улуттук банктын базалык чени жылдын аягына чейин жылдык 13%дан жогору бойдон калуусу күтүлүүдө. Ал, эми 2025-жылы ал жылына 8,75% чейин төмөндөйт. Белгилей кетсек, ЕАӨБ жыл аягына чейин Казакстандын экономикасына 1 миллиард доллар инвестиция салат. Каражат транспорт, өнөр жай, энергетика жана экологияны жакшыртуу, агро өнөр жай комплекси, ошондой эле социалдык инфраструктураны куруу жана жаңылоо долбоорлоруна жумшалат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков