Бул казакстандык балдардын эсебиндеги каражаттардын максаттуу пайдаланылышын көзөмөлдөө үчүн зарыл. Муну Мажилистин жалпы жыйынында Үнзила Шапак билдирди. Долбоордун оператору эсептерди ачууга, төлөмдөрдү которууга, жеке жактардын даректерин мамлекеттик органдардын маалымат тутумунан макулдугусуз чогултууга жана иштетүү укугуна ээ болот. Кошумчалай кетсек, эсептеги каражат бала 18 жашка толгондон кийин 10 жыл сакталат. Бул аралыкта акча эч кайда жумшалбаса, каражатты ошол жарандын пенсиялык эсебине которуу сунушталат. Ал эми акчаны бойго жеткен жаран билимине жана жашоо шарттарын жакшыртууга жумшаса болот.
Үнзила Шапак, Парламент мажилисинин депутаты:
- Эгерде 18 жашка чыга элек бала өлкөдөн чыгып, Казакстандын жарандыгын жоготсо, бул төлөм төлөнбөйт. Эгерде 18 жашка чыга элек бала жарандыгын өзгөртпөстөн, өлкөдөн чыгып кетип, чет өлкөдө жашаса, бул төлөм мыйзам долбоорунда каралган ченемдер боюнча төлөнөт. Бирок чыгып кетип, кайра өлкөгө көчүп келип, кайрадан жарандык ала турган болсо, буга чейинки бардык эсептери жокко чыгарылат. Жаңыдан канча жашта көчүп келди, мисалы 5 жашында кетип калып, мурунку төлөмдү жокко чыгарып, 12 жашында кайра көчүп келип, кайрадан жарандык ала турган болсо, анда мыйзам боюнча бул төлөм андан ары улана берет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков