Женевада Казакстандын төрагалыгы алдында Дүйнөлүк соода уюмунун 12-министрлер конференциясы өтүүдө. 164 мамлекеттин делегациялары бүгүнкү күндүн эң актуалдуу маселелерин талкуулоо үчүн чогулушту. Алар балык, айыл чарбасы, пандемияга байланыштуу иш-аракеттер, начар өнүккөн өлкөлөрдүн көйгөйлөрү жана азык-түлүк коопсуздугу боюнча маселелер.
Тимур Сүлейменов, Казакстандын президентинин администрация башчысынын биринчи орун басары:
- Биринчиден, Дүйнөлүк соода уюмунун пандемия боюнча берген жообу. Бул жердеги дары-дармектерди автоматтык түрдө лицензиялоо, уюмдун интеллектуалдык менчик эрежелерин жөнөкөйлөтүү жөнүндө сөз болуп жатат. Башкача айтканда, бир өлкөдө жасалган вакциналар суроо-талап азыраак башка өлкөлөргө таратууга мүмкүндүк берет. Экинчиден, албетте, тамак-аш маселеси. Кээ бир өлкөлөр өз кызыкчылыктарын биринчи орунга коюп, дан, күрүч, мунай жана башка азыктарды экспорттоону чектөөгө умтулушат. Мунун алдын алуу үчүн Дүйнөлүк соода уюму декларация кабыл алууну мерчемдөөдө.
Белгилей кетсек, министрлердин 12-конференциясы Женевада кулжа айынын 16на чейин уланат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков