Өлкөнүн Улуттук музейинде «Талаа Евразиясынын жүрөгүндөгү Сарыарка мурасы» аттуу жамааттык монографиянын бет ачары болду. "Казына" сериясындагы 6-китепте акыркы үч жылдагы Акмола облусунун археологиялык, этнографиялык изилдөөлөрүнүн, географиялык маалымат карталарын түзүүнүн, тарыхый-маданий мурастарды санариптик 3D моделдөө жана топонимикасы көрсөтүлгөн. Сарыарканын батыш тарабында жайгашкан Саба күмбөзүндө археологиялык казууларда коло доорунун архитектурасы, сөөк коюу каада-салты, дүйнө таанымы, курал-жарактары, маданияты жана экономикасы жөнүндө жаңы маалыматтар берилген.
АКАН ОМАРҮЛЫ, РКНЫН ҮМ «ЭЛ КАЗЫНАСЫ» ИЛИМИЙ-ИЗИЛДӨӨ ИНСТИТУТУНУН БАШЧЫСЫ:
- Ушул үч жылдык иштин жыйынтыгында Акмола облусундагы 45 калктуу конуштун тарыхый аттарын кайтарып берүү боюнча конкреттүү далилдер жана сунуштар келтирилди. Мындан тышкары, 5 чоң эстелик изилденип, эски торгой чөлкөмүнүн маанилүүлүгүн көрсөткөн изилдөө иштери жүргүзүлдү. Мындан тышкары, этнографиялык материалдар боюнча 310дон ашык музыкалык чыгармалар алынып келинди. Бул эч жерде жарыялана элек, илимий жүгүртүүгө киргизиле элек ырлар, күүлөр, дастандар жана башкалар.