Казакстан ИИМ университетинде санариптик соттук экспертиза жана кибер коопсуздук адистери окутулат

Казакстан ИИМ университетинде санариптик соттук экспертиза жана кибер коопсуздук адистери окутулат

Өлкөнүн Ички иштер министрлигинин окуу жайларында жаңы жогорку билим берүү программаларын киргизүү пландаштырылууда. Ага ылайык, санариптик криминалистика, кибер коопсуздук, маалыматтык системалар жана технологиялар сыяктуу адистиктерди аскердик жана атайын окуу жайларына киргизүү көздөлүп жатат. Командалык тактикалык аскердик чалгындоо жана аскердик психология модулдары да иштелип чыгууда. Ошондой эле билим берүү мекемелеринде улуттук коопсуздук жана аскердик иштер, коомдук коопсуздук, педагогика илимдери жана башка адистиктерди окутуу каралган.

Которгон: Илгиз Жамалбеков