Бүгүнкү күндө мегаполисте кичи жана орто бизнес менен алектенем дегендердин саны көбөйүүдө. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, бул көрсөткүч инвесторлор үчүн тартымдуу. Жалпысынан өткөн жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча Шымкенттин экономикасына 328 миллиард теңгеге жакын инвестиция тартылган. 2021-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу өсүш 20%ды түздү. Жалпысынан 2022-жылы шаарда 240 миллиард теңгеден ашык суммага 65 инвестициялык долбоор ишке ашырылды. Быйылкы жылы 15 жаңы инвестициялык долбоорду ишке киргизүү пландалууда. Алардын ичинде курулуш индустриясы, фармацевтика, жеңил жана кайра иштетүү өнөр жай ишканалары бар. Мындан тышкары, ишкерлерди колдоонун аркасында шаарда кагаз өндүрүшү жолго коюлган. Бул жерде өнүм гана чыгарылбастан, кайра иштетилет. Ошондой эле медициналык буюмдарды жана жеке коргонуу каражаттарын чыгаруучу жаңы ишканалар пайда болду. Жергиликтүү өндүрүшчүлөр товарларын ички рынокко гана эмес, чет өлкөлөргө да жеткирип жатышат.
Береке Дүйсебеков, Шымкент шаарынын ишкердик башкармалыгынын башчысы:
Биз азыр жигердүү түрдө импортту алмаштыруучу тармактарга басым жасап жатабыз. Бүгүнкү күндө өндүрүштү өнүктүрүү жана ишкерлерге жардам берүү үчүн кандайдыр бир аянтча керектелет. Ага ылайык биз жыл сайын каржылоонун көлөмүн көбөйтүп, буга кошумча ишкерлерди керектүү платформалар менен камсыз кылабыз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков