Өкмөт инвестиция тартуу жана аларды ишке ашыруу боюнча иштерди баштады. Ошентип, Актөбе облусунда металлургия, альтернативдик энергетика, фармацевтика, медицина, мунай химиясы, курулуш индустриясы сыяктуу тармактарда 87 инвестициялык долбоорлордун пулу түзүлдү. Жалпы наркы дээрлик 6 триллион теңгеге бааланууда. Негизги инвесторлордун катарына Сингапур, Түркия, Орусия, Улуу Британия жана Нидерланды кирет.
Жансултан Ахмет, облусттук өнөржай-инновациялык өнүктүрүү башкармалыгынын башкы адиси:
- Жалпы суммасы 5,8 триллион теңгеге бааланган 17 миңден ашык жумушчу орундарын түзүү пландалууда. Ошондой эле быйылкы жылы 1200гө жакын жумушчу орундарын түзүү менен 70 миллиард теңгеге 26 ири инвестициялык долбоорду ишке киргизүүнү көздөп жатабыз.
Инвесторлор регионго, анын ичинде Актөбө индустриалдык аймагына тартылууда. Аларды ыңгайлуу логистика, даяр инфраструктура жана энергетикалык ресурстарга болгон төмөн тарифтер кызыктырат.
Элнара Тажниязова, Актөбе Социалдык-ишкердик корпорациясынын активдер жана инвестициялар департаментинин башкы менеджери:
- Мындай долбоорлор биринчи кезекте импортту алмаштырууга багытталган, ошондуктан алар аймактын экономикасына түрткү берет, андан тышкары бюджеттин кирешеси көбөйөт, социалдык жагын алсак жаңы жумуш орундары түзүлөт. Ошондой эле экспорттун көлөмүн көбөйтүү мүмкүнчүлүгү бар, бул өндүрүш көлөмүн жогорулатат.
Чек ара аймагында жагымдуу инвестициялык климат түзүү менен бирге транспорттун жеткиликтүүлүгүн өнүктүрүүгө да көңүл бурулууда. Бул жерден Батыш Европа – Батыш Кытай эл аралык транзиттик коридору өтөт. Кошумчалай кетсек, жакында эле Актөбөдөн Стамбулга, Дубайга, Самарага жана Ташкентке түз аба каттамдары ачылды. Ошондой эле эл аралык рынокко чыгууга мүмкүнчүлүк ачылат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков