Шымкентте биринчи жолу жүрөк трансплантациясы жасалды. Буга чейин мындай операция Астанада гана жасалып келген. Ата мекендик уникалдуу технология дээрлик 8 жыл бою "өнөкөт жүрөк кемтиги" диагнозу коюлган жарандын жүрөгүн алмаштыруу операциясын жасады. Хирургдар операция ийгиликтүү өткөнүн айтышууда.
Дархан Сүйгенбаев,
«Шымкент жүрөк борбору» КЕАК башкарма төрагасынын убактылуу милдетин аткаруучу:
Бейтаптын абалы орточо
оор деп бааланууда. Суроолорго жооп бере алат. Басым, ритм, баары туруктуу. Бейтаптын
маанайы жакшы. Аны дагы бир жума көзөмөлдөп, 10 күндөн кийин үйүнө
жөнөтөбүз.
План боюнча сол жак карынчага
жардам берүүчү механикалык аппаратты имплантациялоо керек болгон. Бирок донор
Казакстандын үчүнчү мегаполисинен Костанайдан табылып, алып келинген.
Кийинчерээк операцияга Астана университетинин медициналык борборунун
кардиохирургиялык клиникасынын дарыгерлери шашылыш түрдө келишкен. Ошол эле учурда
Шымкенттин өзүндө хирургдардын экинчи тобу даярдык иштерин жүргүзө башташты. Белгилей
кетсек, эки шаардын кардиохирургдары трансплантацияга бир нече жылдан
бери даярданышкан. Алдыдагы убакытта ак халатчандар Алматыга ата мекендик
уникалдуу технологияны киргизүүнү көздөп жатышат.
Юрий Пя, «UNIVERSITY
MEDICAl CENTER» корпоративдик фондунун башкарма төрагасы:
Бул аймактагы биринчи биргелешкен
трансплантация. Бүгүнкү күнгө чейин бардык трансплантациялар Астанадагы Улуттук
кардиохирургия борборунда гана жасалып келген. Эң негизгиси, аталган борбордо
атайын технология менен жасалган биринчи операция экенин айта кетели. Муну мен
ата мекендик дарыгерлер ойлоп тапкан уникалдуу технология деп атайт элем. Бул операциянын
ийгиликтүү өткөнү биз үчүн чоң сыймык.
Өлкөнүн тарыхында биринчи жолу жүрөк алмаштыруу операциясы мындан 11 жыл мурун жасалган. Бул жылдар ичинде ата мекендик кардиохирургдар 90го жакын бейтаптын жүрөгүн алмаштырышты. Бүгүнкү күндө дагы 150гө жакын казакстандык операциясын күтүүдө, анын ичинде жетөө бала.
Которгон: Илгиз Жамлабеков