Алматы
шаарындагы мектептерде этникалык стилдеги жайкы лагерлер иштей баштады. Ал
жерде бир нече жылдан бери башталгыч класстын окуучулары эс алып келишет.
Балдар үчүн казак элинин байыркы турмушун, каада-салтын, маданиятын
чагылдырууга мүмкүндүк берген атайын программа иштелип чыккан. Балдарга сайма
сайып, улуттук кийимдерди тигүүгө, оймо-чиймелерди түшүрүүгө, салттуу
тамактарды жасоого үйрөтүшөт. Мындан тышкары мектеп окуучулары домбрада
ойногонду үйрөнө алышат. Чүкө атуу сыяктуу спорттук оюндар менен да алек
болушат.
Сандугаш
Салмекеева, Алматы шаарынын тургуну:
- Жыл сайын өтүүчү
бул этнолагер бизди, ата-энелерди өзгөчө кубандырат. Анткени, балдар зыяндуу
да, пайдалуу да гаджеттерден эс алышат. Экинчиден, улуттук каада-салтыбызга
жакындашат, тарыхты жакшы үйрөнүшөт. Бул чоң жардам, ал үчүн биз абдан
ыраазыбыз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

