Казакстандын Куралдуу күчтөрүнүн жоокерлери баш оона айынын аягында өтө турган аскердик оюндарга даярдык көрө баштады. Белгилей кетсек, өлкө аскерлер арасындагы мелдешти өткөрүүчү мамлекеттердин катарында. Алардын көбү Орусия, Кытай, Иран жана Беларуста өтөт. Жоокерлер ат салышкан эң маанилүү мелдештердин бири - «Шумкар аңчылыгы» деп аталат. Анда учкучсуз башкарылган учуучу аппараттар таймашат. Учурда казак командасы «Матибулак» полигонунда машыгууда. Эске салсак, өлкөдө «Шагала» деген ат берилген чалгындоо аппараты жасалган. Жакында учуу аппараты тажрыйбалык сыноодон өткөрүлөт.
Нартай Ахмет, №14157 а/б ага адиси – метео байкоочу:
- Азыркы учурдагы куралдуу чыр-чатактарды талдоо учкучсуз авиация каршы турган, тараптар жигердүү колдонгон келечектүү курал-жарак экендигин көрсөттү. Серепчилердин пикиринде, учкучсуз учуучу аппараттар аскерлердин мобилдүүлүгүн жана согуштук жөндөмдүүлүгүн жогорулатып, аскерлерди кыйла эффективдүү колдонуу үчүн кырдаалга комплекстүү баа берүүгө командачылыкка мүмкүнчүлүк берет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков