Казакстанда атом энергетикасы боюнча агенттик түзүлдү

Казакстанда атом энергетикасы боюнча агенттик түзүлдү

Казакстанда Атомдук энергетикасы боюнча агенттик түзүлдү. «Мамлекеттик башкаруу системасын мындан ары өркүндөтүү боюнча чаралар тууралуу» жарлыкка өлкө президенти Касым-Жомарт Токаев кол койду. Жаңы мекеме уран казып алуу, атомдук энергияны пайдалануу, калктын радиациялык коопсуздугун камсыз кылуу, Семей ядролук коопсуздук зонасын түзүү жана эксплуатациялоо жагынан Энергетика министрлигинин функцияларын жана ыйгарым укуктарын алат. Ал түздөн-түз президентке отчет берет. Белгилей кетсек, жаңы мамлекеттик агенттик түзүлөрүн Улуттук Курултайдын 4-жыйынында Касым-Жомарт Токаев билдирген. Эмгек сиңирген инженер-энергетик Жакып Хайрушевдин айтымында, бул бийликтин көз карандысыз энергетика системасын түзүүгө умтулуусун баса белгилейт.


Жакып Хайрушев, Казакстандын эмгек сиңирген энергетиги:


 

- Эреже катары, башка өлкөлөрдө мындай ири долбоорлор ошол жерде түзүлөт. Биринчиден, эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенүүнү жеңилдетет. Анткени ар бир атомдук станция МАГАТЭнин тыкыр көзөмөлүндө курулат. Экинчиден, долбоорлоо процессинде жана курулуш жараянында инвесторлор менен өз ара аракеттенүү да жөнөкөйлөштүрүлгөн. Анткени бул бир мекеме жана анын үстүнө президентке баш ийген болот.

Которгон: Илгиз Жамалбеков