Казакстанда ата мекендик үрөндөр менен камсыз кылуунун комплекстүү планы иштелип чыгат

Казакстанда ата мекендик үрөндөр менен камсыз кылуунун комплекстүү планы иштелип чыгат

Казакстанда ата мекендик селекциядагы айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнү менен камсыз кылуунун комплекстүү планы иштелип чыгат. Тармакты өнүктүрүү боюнча иштер өлкө президентинин тапшырмасы боюнча жүргүзүлүп жатат, деп билдирет республиканын айыл чарба министрлиги. Мындан тышкары, импорттук көз карандылыкты азайтуу үчүн үрөнчүлүк боюнча илимий-өндүрүштүк борбор түзүлөт. Ал «селекция, үрөнчүлүк жана өндүрүштү» бир чынжырга бириктирет. Ошондой эле 2023-жылы тармакка жаңы маалымат системасы киргизилет. Өндүрүүчүлөрдөн баштап, коммерциялык чарбаларга чейинки үрөндөрдүн жүрүшүнө санариптик көз салууга болот. Бул алардын пайдаланылышын көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет. Негизинен айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүчүлөргө мамлекеттик колдоо көрсөтүү күч алууда. Жазгы талаа жана оруп-жыйноо иштерин каржылоонун көлөмү эки эсеге көбөйтүлүп, 140 миллиард теңгеге жетти.

Которгон: Илгиз Жамалбеков