Казакстанда айыл чарба банкы пайда болушу мүмкүн

Казакстанда айыл чарба банкы пайда болушу мүмкүн

Казакстанда айыл чарба банкы пайда болушу мүмкүн. Бул дыйкандарга колдоону күчөтүү үчүн зарыл, дейт сенатор Мурат Бахтиярулы. Бул азыр өзгөчө зарыл болгон тармакка олуттуу колдоо көрсөтөрүнө депутат ишеним артты. Ал сугат жерлердин оор абалына, суу менен камсыздоо жана канализация системасынын кейиштүү абалына нааразы болгон эл өкүлдөрүнө аталган маселе боюнча айыл чарба өндүрүүчүлөрү өздөрү кайрылганын белгилеп өттү. Анын айтымында, дагы бир көйгөй - минералдык жер семирткичтердин кымбаттыгы. Быйыл алардын баасы өткөн жылга салыштырмалуу дээрлик 3 эсе өскөн. Мындай жараянда ортомчулар чоң роль ойнойт, анын натыйжасында өнүмдүн өздүк наркы бир топ жогорулайт.

Мурат Бахтиярулы, Парламент Сенатынын депутаты:

- Биздин айыл чарба өндүрүүчүлөрү Орусиянын жана Беларустун айыл чарба өндүрүүчүлөрү менен атаандаша албайт. Анткени аталган өлкөлөрдө дыйкандардын жерин, мүлкүн күрөөгө алып, узак мөөнөткө арзан насыя берген айыл чарба банктары иштеп жатат. Бул банктардын филиалдары бардык райондордо жайгашкан. Өлкөбүздө мындай адистештирилген айыл чарба банкын ачуу маселеси буга чейин Парламентте бир нече жолу көтөрүлүп, бирок ушул күнгө чейин чечиле элек. Ошондуктан анын оң жакка чечилерин бардык чарбалар күтүп жатканына көңүлүңүздөрдү бургум келет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков