Казак музыканттары Австриянын шаарларында концерт беришти. Классикалык музыка искусствосунун күйөрмандары дүйнөлүк деңгээлдеги заманбап казакстандык музыканттардын чебер аткаруусунда дүйнөлүк классиканын улуу композиторлору Рихард Вагнердин, Сергей Прокофьевдин жана казак композиторлору Ахмет Жубановдун, Тлес Кажигалиевдин, Газиза Жубанованын, Манарбек Ержановдун чыгармалары менен кеңири таанышууга мүмкүнчүлүк алышты. Ал эми Казакстандын Эл артисти Айман Мусакожаеванын Евразия симфониялык оркестринин коштоосундагы аткаруусу, кечеге өзгөчө маанай тартуулады.
Айман Мусакожоева, Казакстандын Эл артисти:
Биздин Австриядагы, Венадагы жана Клагенфурт шаарларындагы бардык концерттерибиз Республика күнүнө жана эки өлкөнүн дипломатиялык мамилелеринин 30 жылдыгына арналды. Мындан тышкары, албетте, ушундай мыкты акустикасы бар залда студенттер өнөр тартуулашып, өздөрүн шыктандыра алышты. Алар бардык музыканы берилүү менен аткарышты. Ошондой эле, өнөр жолуна эми гана кадам таштаган студенттер үчүн, дүйнөгө таанымал жылдыздар чыккан сахнада талантын көрсөтүү бакыт деп ойлойм.
Которгон: Илгиз Жамалбеков