Өтүп
бара жаткан жыл маданият жана спорт дүйнөсүндөгү окуяларга бай, жаркын жыл
болду. Дүйнөлүк аренада 2025-жылдын 12 айында казакстандыктардын мурда болуп
көрбөгөн ийгиликтери бир нече жолу катталды. Алардын ичинен Димаш
Кудайбергендин дүйнөлүк турнеси өзгөчө көңүл бурдуруп, ырчынын кайталангыс
чыгармачылыгына жана казак элинин музыкалык каада-салттарына кызыгууну
арттырды. Димаштын БУУдагы ыктыярдуу элчи болуп дайындалышынан кийин да ага
болгон кызыгуу улана берди.
Казакстан
да маанилүү эл аралык маданий долбоорлорду ишке ашыруу менен көңүл бурдурду.
Мисалы, ар кайсы өлкөлөрдөн келген 12 катышуучусу бар Silk Way Star вокалдык сынагы. 300 миллиондон ашык
көрүүчүсү жана 9 өлкөгө таратылган долбоор
Евразия үчүн өлкө жаңы медиабрендди кантип түзүп жатканын көрсөттү.
Маанилүү
окуялардын бири казакстандык футболдун жеңиши болду –спортчулардын Еврокубоктордогу жана УЕФА Чемпиондор
Лигасындагы тарыхый ийгиликтери миллиондогон күйөрмандарды бириктирип, жылдын
коомдук күн тартибинин маанилүү бөлүгү болуп калды. Бул жагдайда ата мекендик
кинематография да өзүн ишенимдүү көрсөттү. 2025-жылы 30дан ашык казакстандык
тасма АКШ, Орусия,
Франция, Италия жана Кытайдын эл аралык кинофестивалдарында абройлуу
сыйлыктарга ээ болуп, ата мекендик маданияттын чет өлкөлөрдөгү ийгилигин
бекемдеди. Казакстан киносунун күндөрү 15тен ашык өлкөдө: Балкандан, Европа Сингапур менен Жапонияга чейин жетип, ата мекендик
чеберлердин талантын ачып, дүйнөлүк кино картасындагы казак киносу тууралуу
кабарлады.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков

