2022 – жылы Өзбекстан ИДӨү 80 миллиард доллардан ашты

2022 – жылы Өзбекстан ИДӨү 80 миллиард доллардан ашты

Ошентип, коңшу өлкөнүн экономикасы 5,7%га өстү. Бул тууралуу «Казинформ» маалымат агенттиги билдирди. Ички дүң өнүмдүн өсүшүнө өнөр жай жана тейлөө тармагы эң көп салым кошкон. Алсак, өнөр жай тармагындагы көрсөткүч 485 триллион өзбек валютасына, ал эми кызмат көрсөтүүлөрдүн үлүшү 344 триллионго жеткен. Өзбекстандын Мамлекеттик статистика комитетинин маалыматы боюнча, транспорт жана IT тармагынын өсүү темпи жогору болгон. Соода жана коомдук тамактануу тармагындагы кызмат көрсөтүүнүн жигердүүлүгү арткан. Өлкөнүн Борбордук банкынын маалыматы боюнча, Өзбекстандын экономикасынын өсүшү 2023-жылы 4,5-5% деңгээлинде болушу күтүлүүдө.

Которгон: Илгиз Жамалбеков