Өлкө жарандары чет элдик валютага караганда теңгеге артыкчылык беришет. Мисалы, 2015-жылдан бери улуттук валютадагы аманаттардын үлүшү 24%дан 65%га чейин өстү. Finprom.kz порталынын маалыматы боюнча, үстүбүздөгү жылдын аяк оона айынын аягында элдин экинчи деңгээлдеги банктардагы каржылык депозиттери 14,7 триллион теңгени түзгөн. Бул жаатта теңгенин үлүшү басымдуулук кылат. Болжол менен 65% га ашты. Калган аманаттар чет элдик валютага таандык. Тескерисинче, 7 жыл мурун 76,4% менен бул көрсөткүчтө чет элдик акчанын депозиттери басымдуулук кылган эле. Ал эми 2016-жылы анын көлөмү 80% га жеткен. Мындан ары бул чектен ашпай теңгенин доору башталды. Казакстандыктар каржыларын улуттук валютада чогултууга көңүл бура башташты. Аны туура деп чечим кабыл алгандардын саны жыл сайын көбөйүүдө. Буга өлкө экономикасын долларсыздандыруу, акча-кредит саясатынын эффективдүүлүгүн жана улуттук валютадагы активдердин тартымдуулугун жогорулатуу, теңге депозиттерин коргоо программасы сыяктуу чаралар өз салымын кошту дешет серепчилер.
Которгон: Илгиз Жамалбеков