Кытайлык Sinopharm вакцинасы казакстандыктар үчүн жеткиликтүү болуп калат. Аталган препараттын 1 миллион дозасын өлкөгө алып келүү ушул айда ишке ашат. Мындан тышкары, Саламаттыкты сактоо министрлиги эмдөөлөрдү республиканын жарандарына жеткиликтүү кылуу үчүн Pfizer менен сүйлөшүүлөрдү улантууда. Белгилей кетсек, азыр эмдөөдөн өтүүнү каалагандар жеткиликтүү эки вакцинанын - орусиялык Sputnik V жана казакстандык QazVac вакциналарынын бирин тандап алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.
Ержан Оспанов, «СК-Фармация» ЖЧКсынын башкаруучу мүдүрү:
- Спутниктин 10,2 миллион дозасы бар. Алардын ичинен биз ай сайын жеткирип турган - биринчи компоненттин 5 миллионго жакын дозасы жана экинчи компоненттин 4,5 миллион дозасы бүткөн. Биринчисинен экинчисине чейинки жеткирүүлөрдөгү ажырым болжол менен 15-20 күндү түзөт. QazVac - бул эки дозадан турат, ушул күнгө чейин 3 миллионго жакын сатып алынса, эми биз 274 миң дозаны жеткирдик.
Эске салсак, бүгүнкү күндө Казакстанда 5 миллион алты жүздөн ашуун өлкөнүн жарандары эмдөөдөн өттү. Алардын 4 миллиондон ашыгы вакцинациялоонун эки баскычын тең алды.
Ошол эле учурда препаратты тандоодо казакстандыктар бир нече топторго бөлүнүшкөн. Кээ бири ата мекендик вакцинага ишенсе, башкалары орусиялык вакцинаны гана алууну каалашат, ал эми айрымдары Pfizer же AstraZeneca сыяктуу европалык препараттардын келишин күтүшөт. Деген менен, серепчилер алардын эффективдүүлүгү негизинен бирдей экендигин айтышат.
Александр Гуляев, РКнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Дары-дармек каражаттары жана медициналык куралдарын экспертиза жүргүзүү улуттук борборунун серепчиси:
- Бардык вакциналар бирдей изилдөө жолунан өттү. Баары репродуктивдик функцияларга, мээге, жүрөккө, өпкөгө, жыныс органдарына таасирин көрсөттү - башкача айтканда, бул узак мөөнөттүү эксперименттерде тастыкталган. Вакциналарды коопсуздук жагынан салыштырууга болот - бардык вакциналар бүгүнкү күндө инактивдештирилген вирустун платформасында вектор жана РНК вакцинасы – булардын бардыгы болжол менен бирдей эле коопсуз болуп саналат.
Ал арада социалдык тармактарда «анти-вакцинациялоо» деп аталган үгүт иштери уланууда. Вакциналардын кооптуулугу тууралуу маалыматтан баштап, дүйнөлүк кутум менен аяктаган учурларга чейин бар. Дарыгерлер дагы бир жолу бардык вакциналар коопсуз жана кайталанган клиникалык изилдөөлөрдүн натыйжасында сыналганын эске салышат. Алар иммунизацияга болгон чакырыктарды этибарга албоону кеңеш кылуу менен бирге вакцина биринчи кезекте инфекциядан эмес, өлүмдөн сактаарын баса белгилешет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков