Казакстанда эпидемиологиялык абал турукташты. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, өткөн суткада коронавирус 699 адамдан аныкталган. Эң жогорку көрсөткүч Алматы шаарында. Бул жерде 101 адам ооруну жуктуруп алган. Павлодар облусунда 96, Акмола облусунда 73 жана борбор калаада COVID-19дун 72 учуру катталды. Жалпысынан өлкөдө коронавируска чалдыккандардын саны 208 миңден ашты. Азыркы учурда 21 миңден ашуун бейтап дарыланууда. Алардын 5 миңге жакыны стационардык режимде көзөмөлгө алынган. Кошумчалай кетсек, өткөн сутка ичинде 642 адам коронавирустан айыгып чыкты.