Саламаттык сактоо тармагындагы 50гө жакын ата-мекендик портал E-Health (Электрондук саламаттык) тутумуна бириктирилет. Бул тууралуу тармактык мекеме министринин орун басары Жандос Бүркитбаев Мажилистин депутаттары менен жолугушууда билдирди.
Анын айтымында, аталган тутум ушул жылы иштелип чыгып, кийинки жылы толугу менен иштей баштайт. Натыйжада, дарыгерлердин иши бир топ жеңилдеп, бейтаптар бирдиктүү терезе принциби аркылуу бардык кызматтардан пайдалана алышат. Жаңы тутумда жарандардын кайсы клиникаларга катталганы, каттоого туруу, рецептери, ооруканага жаткырылышы жана тапшырган анализдери тууралуу маалыматтарды топтолот. Вице-министр ата мекендик медицина тармагын оң өзгөрүүлөр күтүп жаткандыгын кошумчалады. Алардын катарында инновациялык технологиялар, электрондук документ жүгүртүүнү арттыруу бар. Бул чаралар чыгымдардын көлөмүн азайтууга мүмкүндүк берет. Ошондой эле, азыркы учурда санариптик медицинаны өнүктүрүү боюнча мыйзамдарды бекитүү иштери жүрүп жатат.
Тактап айтканда, телемедицина тармагын бир жолго коюу, аралыктан кызмат көрсөтүү, мобилдик технологияларды колдонуу чөйрөсүн жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылар иштелип чыгууда.
Которгон: Илгиз Жамалбеков