Казакстан бир айдын ичинде коронавирустун бешинчи толкунун башынан өткөрдү. Ал жамааттык иммунитет аркылуу жетишилди. Мындай пикирин вице-премьер-министр Ералы Тугжанов билдирди. Анын айтымында, көп өлкөлөрдө бул сынактан өтүү үчүн кеминде үч ай талап кылынган. Мындан тышкары, эмдөөнүн жогорку көрсөткүчтөрү омикрон штаммынын татаал мезгилинен оор кесепеттерсиз өтүүгө мүмкүндүк берди.
Ералы Тугжанов, Казакстандын Премьер-Министринин орун басары:
- Көптөгөн өлкөлөр биздин өзүбүздүн вакцинабыздын бар экенине таң калышты. Биз вакцинасы бар болгон алты мамлекеттин бешинчиси биз болдук. Ушундай чоң натыйжага жетишкендиги үчүн биздин окумуштууларыбызга ыраазычылык билдиргим келет. Вакцина 86% эффективдүү. Бул абдан маанилүү көрсөткүч. Аны кайра эмдөө үчүн да колдонобуз. Ошентсе да бошонууга азырынча эрте. Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө 35 өлкөдө бул илдетке чалдыккандардын саны өсүүдө.
Которгон: Илгиз Жамалбеков