Казакстанда коронавируска каршы дагы бир ата мекендик вакцина клиникалык сыноодон өтүп жатат. Биологиялык коопсуздук маселелери боюнча илимий-изилдөө институту бир жылдан бери QazCoVac-P деп аталган препаратты иштеп чыгуу боюнча иш алып барган. Тест эки этапта жүргүзүлөт. Ага 18 жаштан 50 жашка чейинки адамдар ыктыярдуу түрдө тартылат. Эмдөөнүн алдында ар бир катышуучу тыкыр медициналык текшерүүдөн толук өтүүгө тийиш. Изилдөөнүн эки фазасына жалпысынан 244 адам катышат. Алгач вакцина 44 адамга сыналат.
Нурлан Абилдаев, шаардык көп тармактуу ооруканасынын дарыгери:
- Биринчи уколду биз 44 адам чогулткандын эртеси жасайбыз. Ал бир жумага созулабы же он күнгөбү, айтор биз скринингди бүтүрүп алышыбыз керек. Терс таасири бардык эле вакцина сыяктуу дене табынын көтөрүлүшү, алсыздык болушу мүмкүн.
Берик Хайруллин, биологиялык коопсуздук маселелери боюнча илимий-изилдөө институтунун илимий кызматкери:
- 22 ыктыярчыга вакцина, ал эми калган 22 ыктыярчыга плацебо жасалат. Алгач коопсуздук, андан кийин иммуногендүүлүк деңгээли изилденет. Ал эми 200 адамдан турган экинчи этапта биринчиден иммуногендүүлүк, андан кийин коопсуздук изилденет. Плацебо салыштыруу үчүн керектелет. Анда натрий хлоридин колдонобуз. Биз вакцина адамдын организмине кандай таасир этерин билишибиз керек.
Вакцина адамдарга колдонуудан мурун жаныбарларга жасалган. Препаратты адамга сыноо бир топ кыйыныраак. Себеби, адамдын организми препартатты ар кандай көтөрүшү мүмкүн. Адистердин айтымында, ага жаш курак, социалдык чөйрө, иммунитет жана климат дагы таасир этет. Эгерде клиникалык сыноолор ийгиликтүү болсо, QazCoVac-P вакцинасы менен 21 күндүк аралык менен эмдөө башталат. Ошондой эле, илимпоздор институтта коронавируска каршы вакцинанын дагы үч версиясынын үстүндө иштеп жаткандыгын маалымдашты.
Которгон: Илгиз Жамалбеков