Кулжа айынан тарта Казакстандагы унаа жолдордун 18 бөлүгү акы төлөө тутумуна өткөрүлөт. Алардын жалпы узундугу 6 миң чакырымды түзөт. Киреше казынага Батыш Европа-Батыш Кытай эл аралык багыты жана унаа жолунан түшөт. Авто магистралдардагы транспорт агымын көзөмөлдөө үчүн Sergek тутумундагы видеокамералар орнотулат.
Мындан тышкары, унаа жүрүүчү аймактарга тосмолор орнотулбайт. Жеңил унаалардын айдоочулары бир чакырым үчүн 1 теңге, жүк ташуучу унаалар жолдун категориясына жараша 5тен 25 теңгеге чейин төлөшөт.
Айта кетсек, мындай жолдордо жүрүү акысын төлөө үчүн мамлекеттик номерди көрсөтүү менен эсепти толтуруунун көптөгөн жолдору бар
Рустам Исаев, «КазАвтоЖол» департаментинин мүдүрү:
- Жыйырмадан ашык төлөө ыкмаларын тандоого мүмкүндүк бар. Учурда банктар жана төлөм терминалдары тутумга кошулган. Аны менен катар, бизде акысыз өткөн унаалардын белгилүү топтору жана түрлөрүнө атайын арзандатуулар да каралган. Анын ичинде акимчиликке каттаган шаарлар аралык автобустар акысыз жүрөт.
2025-жылга чейин акы төлөнүүчү жолдордун узундугу 11 миң чакырымга жетет. Белгилей кетсек, бул максаттарга 25 миллиард теңге жумшоо мерчемделген.
Которгон: Илгиз Жамалбеков