Мухтар Ауэзовдун «Абай жолу» роман-эпопеясы негизинде интеллектуалдык оюну

Мухтар Ауэзовдун «Абай жолу» роман-эпопеясы негизинде интеллектуалдык оюну

 Мындай мүмкүнчүлүктү казакстандыктарга Караганды шаарынан келген окуучу түзүп берип жатат. Долбоордун автору белгилүү чыгармада жаштарга тааныш эмес сөздөр көп экенин байкаган. Ошондуктан Томирис Бакыт замандаштарынын адабий сөз байлыгын толуктоо, казак элинин байыркы салт-санаасын сиңирүү максатында романдын негизинде интеллектуалдык оюн түзүүнү туура көргөн. Төрт томдук чыгарма жаш муундун ой жүгүртүүсүн кеңейтип, маанисин терең түшүнүү менен катар окууга болгон кызыгуусун ойготот.

Томирис Бакыт, оюнду иштеп чыгуучу:

- Дизайнын жасап, толук кандуу оюнду иштеп чыгууга бир айга жакын убакыт кетти. Ага чейин мен романды толугу менен окуп чыгып, колдонгон сөздөрдүн тизмесин түзгөм. Бул жерде эч кандай реалдуу суроолор жок. Картаны алган адам эски сөздүн маанисин түшүндүрүшү керек же белгилүү бир каармандын сыпатын берүүгө тийиш. Нускамада кьюар-код көрсөтүлгөн. Анын жардамы менен сөздүккө өтүп, катышуучулар берген жооптун тууралыгын текшере алат.

Азырынча оюн 100 картадан турат. Алардын ар биринде Улуу Акын жөнүндөгү китепте айтылган сөз же үрп-адаты жазылган. Оюнчулардын саны чектөөсүз. Көптөгөн суроолорго туура жооп берген адам жеңүүчү болуп саналат. Карагандылык окуучунун жаны демилгеси курбуларынын арасында суроо-талапка ээ. Билим булагына айланган долбоор жаштардын бош убактысын эффективдүү өткөрүүнүн бирден бир жолу.

Бахыт Мекеева, долбоордун илимий жетекчиси:

- Бул оюнду ойногондо бала “Абай жолу” романын жеңил түшүнүп, тарыхын билүүгө, ар бир казак жараны өз тарыхын билип, сыйласа, анын келечеги кең болот деп ойлойм. Негизинен бул оюнду биздин мектепте эле эмес, Казакстандын бардык мектептеринде да таркатып, окуучуларга, мугалимдерге колдоо катары колдонсо болот.

Белгилей кетсек, Томирис Бахыттын бул эмгеги анын экинчи иштеп чыгуусу болуп саналат. Ал мындан үч жыл мурун жаштардын билим мейкиндигин кеңейтүүгө багытталган “Дүйнө мамлекеттеринин желектери” аттуу үстөл оюнун түзгөн.

Которгон: Илгиз Жамалбеков