Мамлекеттик кеңешчи Казакстан Президенти кол койгон
лудомания менен күрөшүү боюнча мыйзамга комментарий берди. Ерлан Карин өзүнүн
социалдык тармактагы баракчасында өз пикири менен бөлүштү. Ал, белгилегендей,
бул Улуттук курултайдын үчүнчү жыйынынын демилгелерин ишке ашыруунун алкагында
кабыл алынган бешинчи мыйзам. Лудомания көйгөйүн мамлекет башчысы Касым-Жомарт
Токаев Атыраудагы сөзүндө негизги социалдык терс көрүнүштөрдүн бири деп атап,
бул документти парламенттин азыркы сессиясынын аягына чейин кабыл алууну
тапшырды. Мыйзам долбоору ар кандай диалог аянтчаларында талкууланып, жазында кумар
бизнесине каршы туруу боюнча комплекстүү план кабыл алынган. Ошондой эле
лудомания менен ооруган жарандарды реабилитациялоо чаралары каралган.
Адистердин көзөмөлү медициналык сырды сактоо принциби боюнча жүргүзүлөт.
Мамлекеттик кеңешчинин айтымында, мыйзам долбоорунун башкы жеңиштеринин бири -
карызкорлордун бирдиктүү реестрине киргизилген адамдарга чектөө чараларын
киргизүү. Бул 3,5 миллионго жакын адамды түзөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков