2024-жылы Казакстандан Германияга 1,4 млн тонна мунай жеткирилет

2024-жылы Казакстандан Германияга 1,4 млн тонна мунай жеткирилет

Казакстан жыл аягына чейин Германияга 1,4 миллион тонна мунай жеткирүүнү көздөөдө. Энергетика министрлигинин маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө 10 айда 1 миллион 200 миң тонна "кара" алтын экспорттолду. Белгилей кетсек, ушул эле көлөмдү 2025-жылы жеткирүү пландалууда. Мекемеден белгилегендей, бул көрсөткүчтөр Казакстандын мунай тармагынын туруктуулугун көрсөтүп, энергетика тармагында Германия менен кызматташуунун стратегиялык маанисин тастыктайт. Эске сала кетсек, буга чейин Касым-Жомарт Токаев республика Германиянын рыногуна кара алтындын көлөмүн көбөйтүүгө даяр экенин билдирген.3

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков