Казак
мектеп окуучулары Робототехника боюнча Австралиянын эл аралык чемпионатында
күмүш байгеге ээ болушту. Ошол эле учурда ата мекендик ойлоп табуучулар командасы
Бүткүл дүйнөлүк робототехника коомунун эки абройлуу сыйлыгын жеңип алышты. Уюштуруучулар
казакстандык катышуучулардын жогорку кесипкөйлүгүн белгилешти. Бул сынакка
жалпысынан 10 өлкөдөн 300дөн ашык бала катышты. Бирок жигиттер муну менен эле токтоп
калбайт. Азыр казакстандык мектеп окуучулары Сингапурда робототехника
боюнча турнирге даярданып жатышат.
Таир
Каренеев, кураманын капитаны:
Буга чейин биз ФДС, РДС, роботек, республикалык олимпиадаларга катышып, анда да 2-3-орунду алып келгенбиз. Бирок, азыр эл аралык аренага чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болдук. Брэйнсторм, робокингс сыяктуу командалар менен бирдей деңгээлде жарыштык. Булар АКШ, Канада, Австралиянын алдыңкы командаларынын айрымдары. Бир-эки айдан кийин үстүбүздөгү жылдын аяк оона айы-тогуздун айларында FDS олимпиадасы өткөрүлөт. Ошондой эле өтө чоң сынак, алгач Казакстанда, андан кийин Сингапурда болот.
Которгон:
Илгиз Жамалбеков