Президент аяк оона айында жаңы Казакстанды өнүктүрүү боюнча конкреттүү чечимдерди сунуштайт. Касым-Жомарт Токаев кайрылуу жасап, өлкөнүн алдыдагы өнүгүү саясатына токтолду. Ал конституцияга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр реформалардын акыркы этабы эмес, башталышы гана экенин баса белгиледи. Ошондой эле, ал конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча добуш берүү өлкөнүн тарыхындагы маанилүү окуя болуп, шайлоочулардын жогорку активдүүлүгү жана алардын басымдуу бөлүгү түзөтүүлөрдү колдогону коомдун жетишкендигинин жана жоопкерчилигинин далили экендигин айтты. Мамлекет башчысы кабыл алынган өзгөртүүлөр республиканын турмушунун ар бир тармагына жана ар бир жаранга жекече таасирин тийгизээрин белгиледи.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
- Саясий жаңыланууну ырааттуу жүргүзүү улуттук экономиканы өнүктүрүүгө, улуттук ишкердикти чыңдоого өбөлгө түзөт. Эми биздин алдыбызда ачык жана адилет экономиканы түзүп, мыйзамдарды реформалоо милдети турат. Жасалма монополияларды жоюу, коррупциянын алдын алуу маанилүү. Биз ишкерлердин демилгелерин колдоп, жеке менчикти сактап, атаандаштыкты күчөтүшүбүз керек. Экономиканы чындап ар тараптандыруу үчүн алдыда көп иштер турат. Жогорку түшүмдүү айыл чарбасын жана кубаттуу транспорттук-логистикалык системаны өнүктүрүү, бардык тармактарда санариптик экосистеманы түзүү боюнча чараларды көрүү зарыл.
Мындан тышкары, президент улуттук курултай түзүлгөнүн билдирди. Курултайдын алгачкы жыйыны улуттун уясы болгон Улытауда өтөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков