Өлкөнүн Маданият жана спорт министрлигинен билдиришкендей, ата мекендик жазуучулардын арасынан мыктылар 7 номинация боюнча аныкталат. Тактап айтканда, проза, поэзия, драматургия, көркөм котормо, балдар адабияты, адабий сын жана комикс жанрлары боюнча мурда эч жерде жарык көрбөгөн жаңы чыгармалар тандалып алынат. Калемгерлердин сынагы аяк оона айынын аягына чейин уланат. Сыйлыкка талапкерлер үчүн эч кандай курактык чектөө жок. Арыздар aiboz.kz сайтында кабыл алынат. Адабий сыйлыктын жалпы байге фонду 35 миллион теңгени түзөт. Жеңүүчүлөрдүн аты жыл аягына чейин белгилүү болот.
Которгон: Илгиз Жамалбеков