Британиялык инвестор казакстандык иштеп чыгууларга каражат салууга ниеттенүүдө

Британиялык инвестор казакстандык иштеп чыгууларга каражат салууга ниеттенүүдө

Улуу Британия Ядролук физика институтунун жаңы иштеп чыгууларына инвестиция салууга жана Казакстандын радиоактивдүү изотопторун сатып алууга ниеттенүүдө. Тиешелүү документке өлкөнүн Энергетика министрлиги менен Ostro Minerals компаниясы кол коюшту. Белгилей кетсек, илимий уюмдун негизинде онкологиялык ооруларды диагностикалоо жана дарылоо үчүн радиофармацевтикалык каражаттар, ошондой эле өндүрүштүк изотоптор чыгарылат. Республика боюнча медициналык мекемелерге берилүүчү мындай дары-дармектердин жалпы көлөмүнүн 90 пайызын институт өндүрөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков