Касым-Жомарт Токаев Казакстан элине болгон жылдык
кайрылуусунда атомдук энергетиканы өнүктүрүү боюнча да токтолду. Ал атомдук электр
станциясын куруу өзгөчө маанилүү экономикалык жана саясий маселе экендигин
белгиледи. Ошондой эле ал станцияны куруу же курбоо чечимин жалпы элдик
референдумга алып чыгууну сунуштады. 2019-жылы эле мамлекет башчы өзүнүн шайлоо
алдындагы программасында эң маанилүү стратегиялык маселелер боюнча чечимдер
референдумда кабыл алынарын убада кылган. Атомдук электр станциясын куруу
керекпи же жокпу деген маселе өлкөнүн келечеги үчүн өтө маанилүү маселе.
Ерлан Кошанов, Парламент Мажилисинин төрагасы:
-Кайрылууда коомдо кызуу талкууга алынып жаткан маселелер айтылды. Өлкөнүн келечеги үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон маселелерге келгенде элдин пикирин эске алуу менен чечим кабыл алынарын баса белгилей кетүү керек. Маселен, атомдук электр станциясын куруу боюнча референдум өткөрүү жооптуу жана маанилүү кадам болот.
Которгон: Илгиз Жамалбеков