Казакстан өкмөтү дан экспортун колдоо үчүн кошумча 7 миллиард теңге бөлдү. Бул каражаттар транспорттук чыгымдарды субсидиялоого, ошондой эле дараметтүү чет элдик рынокторго жеткирүүнү андан ары шыктандырууга жумшалат. Адистер мындай муктаждык дан эгиндеринин жогорку түшүмдүүлүгүнө жана чет элдик сатып алуучулардын казакстандык данга болгон суроо-талаптын өсүшүнө байланыштуу дешет. Жалпысынан быйыл эгин ташууга транспорттук чыгымдарды субсидиялоого 31 миллиард теңге бөлүнгөн. Бул ата мекендик өнүмдүн жаңы жана калыбына келтирилген рынокторго чыгышын, ошондой эле альтернативдүү логистикалык жолдор аркылуу алыскы чет өлкөлөргө жеткирүүнү камсыз кылды. Натыйжада эгинди экспорттоонун көлөмү учурда 2,5 миллион тоннадан ашты.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

