Казакстанда «Абайдын ырлары дүйнө тилдеринде» челленджи өтүп жатат

Казакстанда «Абайдын ырлары дүйнө тилдеринде» челленджи өтүп жатат

Абайга жана анын чыгармаларына болгон сүйүү чексиз. Улуу казак акыны жана агартуучусунун 180 жылдыгына арналган эл аралык челлендждин алкагында ойчулдун ырлары поляк, немис, белорусь, армян, моңгол жана индия тилдеринде окулууда. Акцияга Казакстан элинин Ассамблеясынын мүчөлөрү, өзгөчө жана ыйгарым укуктуу элчилер, чет элдик улуттук жана балдар китепканаларынын жетекчилери, этномаданий бирикмелердин өкүлдөрү да кошулду.

Италиялык басылмада казак акыны Абай Кунанбай уулу тууралуу макала жарык көрдү

Ошондой эле, Италиядан келген филолог жана адабият мугалими Фьоренца Боски Абайдын түбөлүк мурасына болгон сүйүүсү тууралуу жазган. Анын макаласы LineaTempo маданий-тарыхый журналында жарык көргөн. Автор Абайдын балалыгы, билими, ошондой эле анын чыгармаларынын гуманисттик баалуулуктары, казак жана дүйнөлүк адабиятына кошкон салымы тууралуу калем жазган. Окутуучунун айтымында, анын өзгөчө инсан менен кокусунан таанышуусу терең кызыгууга айланган. Аны Абайдын ырлары таң калтырган, эми Фьоренц анын чыгармаларынын италия тилиндеги жаңы адабий котормосун жасоону пландаштырууда.

Которгон: Илгиз Жамалбеков