Белгисиз казакстандык жоокерлер тууралуу тасмалар тартылат

Белгисиз казакстандык жоокерлер тууралуу тасмалар тартылат

Алматыда казак жоокерлеринин согуш жылдарындагы эрдиктерин баяндаган бир катар жаңы чыгармалар тартылат. «Казакфильм» киностудиясы бул багытта бир нече долбоорлорду иштеп чыкты. Демилгелер колдоо тапса легендарлуу казак баатырлары Рахимжан Кошкарбаев, Хиуаз Доспанова жана башкалар тууралуу толук метраждуу көркөм тасмалар көрүүчүлөргө сунушталат. Атамекендик кино тармагынын өкүлдөрү майдангерлерге байланыштуу көптөгөн жаңы маалыматтар бар экенин айтышууда. Ошентип, чыгармачыл топ от кечкен жылдардагы баатырдык эрдиктери байкалбай калган жоокерлерди даңазалоого ниеттенүүдө.

Бекболат Шекеров, «Казакфильм» киностудиясынын башкы редактору:

- Мындан тышкары, биз белгисиз баатырлар тууралуу долбоор даярдап жатабыз. Анда 1944-жылы «Советтик Караганды» гезитинде жазылган төрт кыздын тагдыры баяндалат. Бир эле танк экипажында болгон бул төрт согушкердин ысымдарынан башка эч кандай маалымат жок.

Белгилей кетсек, согуш жылдарында Алматы шаары кино өндүрүшүнүн борборуна айланган. Шаарга «Мосфильм» жана «Ленфильм» көчүргөн. 1941-жылы аяк оона айында жаңы бириккен киностудия борбору негизделген. Ал согуштун башынан аягына чейин жигердүү иштеген. Анда жоокерлердин согуш талаасындагы эрдиктери чагылдырылган.