Казакстанда Абай Кунанбай уулунун 180 жылдык мааракеси масштабдуу белгиленет

Казакстанда Абай Кунанбай уулунун 180 жылдык мааракеси масштабдуу белгиленет

Казакстанда быйыл Абай Кунанбай уулунун 180 жылдыгы белгиленет. Учурда президенттин тапшырмасы менен өлкөдө бир катар иш-чаралар өткөрүлүүдө, бирок негизги бөлүгү баш оона жана аяк оона айларына пландаштырылган. Региондор чоң даярдык иштерин жүргүзүп жатышат. Улуу казак акынынын алдыдагы мааракеси өкмөттө талкууланды.


Ермек Кошербаев, Премьер-министрдин орун басары:


- Биздин башкы максатыбыз – Абайдын мурасына болгон урматты тарбиялоо. Бул тармакта биз креативдүү индустрияны өнүктүрүүгө чоң көңүл бурабыз. Региондордо 16 креативдүү борбор ачылды. Аларга салыктык жеңилдиктер берилди. Билим берүү программалары ишке киргизилди. Акыркы максат – таланттуу жаштарды издөө, алардын долбоорлорун колдоо жана инвесторлорду тартуу. Андан кийин ата мекендик креативдүү өнүмдөр эл аралык рынокторго жеткирилет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков