Атырау облусундагы байыркы көрүстөндөрдөн тарыхый
эстеликтер табылды. Археологдор
аларды Карабау айылынын жанындагы казуу иштери учурунда табышкан. Андагы ар кандай алтын
жана зергердик
буюмдар анималистик жанрынын
негизинде жасалган. Ошондой эле,
карападан
жасалган курал-жарактар жана идиштер табылды. Тармак адистеринин
айтымында, бардык буюмдар сармат дооруна таандык экени белгилүү болду. Археологиялык
табылгалар Атырау облусун сармат уруулары байырлап келгенин, анын ичинде кол
өнөрчүлүк жана согуш өнөрү өнүккөнүн далилдейт. Эскерте кетсек, Атырау облустук
тарыхый-чөлкөм
таануу музейинин эки жылдык археологиялык иштеринин жыйынтыгы «сармат алтындары» көргөзмөсүндө көпчүлүктүн назарына сунушталды.
Марат Касенов, археологиялык топтун
жетекчиси:
- Изилдөө иштери мындан ары да улантылат жана келечекте биз бул боюнча чоң масштабда иштейбиз. Ошону менен бирге археологдорду гана эмес, антрапологдорду, географтарды, сүрөтчүлөрдү жана башка адистерди да тартабыз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

