Мультимодалдык логистика, аба жүк ташуучу түйүндөрдү куруу, электрондук коммерция мүмкүнчүлүктөрү, ошондой эле абада жүк ташуу тармагын санариптештирүү. Бул темалар Астанада дүйнөнүн 30 өлкөсүнөн 300дөн ашуун адистердин катышуусунда өтүп жаткан жүк ташуу жана логистика боюнча аймактык форумда талкууланууда. Алардын арасында тиешелүү мекемелердин, эл аралык жүк ташуу ассоциациясынын, авиа жана логистикалык компаниялардын, аэропорттордун, жүк жөнөтүүчүлөрдүн өкүлдөрү бар. Жыйынга катышуучулар абада жүк ташуулардын бардык чынжырын сунушташты. Бул өз кезегинде алар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөргө жол ачат. Ошентип, Казакстанга Борбор Азия өлкөлөрү менен соода жүгүртүүнү болжол менен 2,5 эсеге, 6 миллиард 300 миллиондон 15 миллиард долларга чейин, анын ичинде Казакстандын экспортун АКШ валютасында 560 миллионго көбөйтүүгө мүмкүндүк берет. Келечектеги максат – Казакстандын эл аралык жүк логистикалык чынжырларына биригүү менен Евразия континентиндеги маанилүү транспорттук хаб катары позициясын бекемдөө.
Талгат Ластаев, Транспорт вице-министри:
– Биз географиялык жактан экономикабызды өнүктүрүү үчүн транзиттик жолдордун кесилишинде жайгашканбыз. Бул тармактын өнүгүшү ички дүң өнүмдүн абдан жакшы өсүшүн камсыз кылат. Өз кезегинде бул мамлекет башчы тарабынан коюлган тапшырма. Мындан тышкары, Дубай, Сингапур сыяктуу шаарлардын аэропортторунда да эркин аймактарды киргизүүнү пландап жатабыз. Бажы процесстерин санариптештирүү кайра иштетүү күндөрүн бир нече саатка чейин кыскартууга мүмкүндүк берет. Мына ушул факторлордун бардыгы биздин экономиканын өнүгүшүнө шарт түзөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков