Жылдызы жанган жаш ырчы

Жылдызы жанган жаш ырчы

Сангина Шарипова Лос-Анжелестин күйөрмандарын өзүнүн үнү жана сахнадагы эркиндиги менен таң калтырды. Жаш артист өзү жазган ырларында заманбап ыргактар менен салттык ийримдерди айкалыштыра алган. Лос-Анжелестеги Музыканттар институтунда билим алып жүргөн Сангина аталган окуу жай уюштурган сынактын финалына чыкты. Сынакта ал өзүнүн ырларынын биринин кайырмасын казак тилинде ырдап чыкты. Бул бир жагынан казак өнөрүн таанытуу, экинчи жагынан жүрөгүндөгү мекенге болгон сагынычты басууга арналган чечими эле. Ырчынын бул кадамы аны колдоого келген мекендештерге өзгөчө таасир калтырды.

Сангина Шарипова, ырчы:

Бул сынакка катышуу үчүн акыркы эки жарым айда өз күчүм менен музыканттарды таап, аларга кошулуп, топ түздүм. Ырларымды чогуу даярдап, монтаждадык. Казакча сөздөрдү англис тилине котордум. Белгилүү продюсерлердин, менеджерлердин алдында өнөрүбүздү тартууладык. Бул мен үчүн өзгөчө тажрыйба болду.

Марат Омаров, Казакстандын эмгек сиңирген артисти:

Азыркы учурдагы сынакта ал тайпадан чыгат деп ойлойм. Анткени бийик ноталар алынган кезде Сангинанын өзүнүн кайталангыс казактын улуттук уккулуктуу обону жаңырды. Ийгиликтерди каалайбыз.

Белгилей кетсек, сынактын жыйынтыгы боюнча буга чейинки бир нече турдан ийгиликтүү өткөн казакстандык ырчы Лос-Анжелестеги алдыңкы студиялар менен иштешүү укугуна ээ болот.

Которгон: Илгиз Жамалбеков