Жамбылда 1 ГВт шамал электр станциясы курулат

Жамбылда 1 ГВт шамал электр станциясы курулат

Жамбыл облусунда кубаттуулугу 1 ГВт шамал электр станциясы курулат. Аны франциялык инвестор колго алды. Бүгүн Мажилис депутаттары Казакстан менен Франциянын өкмөттөрүнүн ортосундагы глобалдык жылуулукка каршы күрөшүү тууралуу кызматташуу боюнча атайын макулдашууну ратификациялады. Документке бир жыл мурун Парижде кол коюлган. Анын максаты республикада кайра жанма энергия булактары чөйрөсүндө ири долбоорлорду илгерилетүү жана ишке ашыруу болуп саналат. Жалпысынан,  болжол менен 820 миллиард теңге инвестиция тартуу пландаштырылууда, бул кошумча 3,5 миллиард кВт/саат «жашыл» энергияны иштеп чыгууга жана көмүр кычкыл газынын жылдык эмиссиясын кеминде 2 миллион тоннага кыскартууга мүмкүндүк берет.

Алмасадам Саткалиев, Энергетика министри:
- Долбоорду ишке ашыруу кайра жанма электр тармагын өнүктүрүүнү улантууга, 2030-жылга карата 15%га жетүү максатын көздөгөн жашыл энергияны өнүктүрүүнүн кабыл алынган максаттуу индикаторлоруна жетишүүгө, ошондой эле, жыл сайынкы көмүр кычкыл газынын эмиссиясын кыскартууга мүмкүндүк берет. Белгилүү болгондой, учурда Европа өлкөлөрү көмүртек салыгын киргизүүнүн үстүндө иштеп жатышат. Жашыл энергияны өндүрүүчү кошумча кубаттуулуктарды ишке киргизүү казакстандык товарлардын эл аралык рынокто атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнө оң таасирин тийгизет.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков.