Казакстанда 2025-жылга карата мунай-газ химия заводу ачылат

Казакстанда 2025-жылга карата мунай-газ химия заводу ачылат

Казакстанда жакынкы 4 жылда 5 жаңы мунай-газ химиялык заводу ачылат. Алар 2025-жылга чейин пайдаланууга берилерин Улуттук экономика министри Асет Эргалиев брифингде билдирди. Министрдин айтымында, бул өндүрүш көлөмүн 40 миң тоннадан 2 миллион тоннага чейин көбөйтүүгө мүмкүндүк берет. Импорттун үлүшү 87%дан 72%га чейин төмөндөйт. Ал эми ата мекендик өнүмдү экспорттоо 9 эсеге чейин өсүшү мүмкүн. Тармак жетекчисинин айтымында, 2025-жылга карата санариптик технологияларды колдонгон ишканалардын үлүшүн кайра иштетүү тармагында 7 пайыздан 23 пайызга чейин көбөйтүү көздөлүүдө.

Асет Эргалиев, РКнын Улуттук экономика министри:

- 2025-жылы негизги капиталга 11 триллион теңгеден ашык инвестиция тартуу менен 418 өнөр жай долбоору ишке ашырылат. Натыйжада кайра иштетүү өнөр жайындагы өндүрүш көлөмү 2020-жылга салыштырмалуу 1,5 эсеге өсөт. Мунай-газ химиялык комплексти өнүктүрүүнүн алкагында жогорку технологиялуу ири мунай-газ химиясы өндүрүштөрү ишке кошулат. Бул чийки зат эмес экспортту көбөйтүү жана ички суроо-талапты канааттандыруу үчүн жасалат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков