Казакстан менен Кытай ортосунда жеткирүү рекорддук көрсөткүчкө жетти

Казакстан менен Кытай ортосунда жеткирүү рекорддук көрсөткүчкө жетти

Казакстан менен Кытайдын ортосунда темир жол транспорту менен жүк ташуунун көлөмү өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча рекорддук көрсөткүчкө жетти. Былтыр анын көлөмү 32 миллион тоннаны түзгөн. Бул жаатта республикадан Кытайга экспорттун көлөмү 14 млн тоннаны түздү. Өлкөнүн Транспорт министрлигинин маалыматы боюнча, жыл ичинде атамекендик жеткирүүлөр дароо 1 миллион тоннага көбөйгөн. Негизинен коңшу мамлекеттин ири базарына казакстандык темир, түстүү жана кара металлдар, сыяктуу түрдүү кендер, ошондой эле дан жеткирилет. Импортко келсек, өсүш болжол менен 5% чамасында катталды. Ошол эле учурда Казакстан аркылуу транзиттик жүк ташуулар 19% га көбөйүп, 15 миллион тоннадан ашты.

Ляззат Стамгазиева, Транспорт министрлигинин расмий өкүлү:

- Буга байланыштуу Транскаспий эл аралык транспорттук каттамын өзгөчө белгилеп кетүү керек. Анын дарамети кыйла өскөнү белгиленет. Көптөр бул коридорду тандашат. Аталган багыт аркылуу бизден Европага жөнөтүлгөн контейнерлерди ташуу көлөмү 43% га өстү. Бул өз кезегинде рекорддук көрсөткүч. Буга өткөн жылы Сиянь эл аралык кургак портунда Казакстандын терминалынын ачылышы жардам бергени анык. Өткөн жылы бул терминал аркылуу Актау портунан 300гө жакын жүк ташуучу поезд өттү. Натыйжада, бул көрсөткүч дээрлик 30 эсеге өстү.

Муну менен катар, өлкө ичинде жүк ташуу көбөйүүдө. Тармактык мекеменин маалыматына караганда, Шымкент, Астана жана Алматыда көрсөткүчтөр боюнча регионалдык деңгээлде өсүш байкалууда. Жалпысынан республика боюнча 2024-жылы транспорттун бардык түрлөрү менен ташылган жүктөрдүн көлөмү 514,5 млрд тонна чакырымды түзүп, жыл ичиндеги өсүш 2,6% түздү. Мисалы,  деңиз транспорту менен ташылган жүктүн көлөмү дээрлик 3 миллион тоннага жакындады. Бул жерде өсүү көрсөткүчү эки эсеге көбөйдү. Транспорттун башка түрлөрү да оң динамиканы көрсөтүп жатат.

Ляззат Стамгазиева, Транспорт министрлигинин расмий өкүлү:

- Жыл сайын авиация бизге 5-10% өсүш берет. Темир жол жана автоунаа транспорту менен ташылган жүктөрдүн өсүшү болжол менен 40-50%ын түзөт, бул биздин өлкөнүн мультимодалдык мамлекет болушу менен байланыштуу. Автоунаа транспорту менен ташуу дагы олуттуу өсүштү көрсөтүүдө. Мындан тышкары, чет өлкөлүк уруксат бланктары электрондук форматка көчүрулдү. Бул ташууларды дагы да тездетип, жол жүрүү мөөнөтүн кыскартты.

Которгон: Илгиз Жамалбеков