Астана Эл аралык каржы борбору аркылуу Казакстандын экономикасына инвестициялардын көлөмү 13 миллиард доллардан ашты. Анын ичинен 6 миллиард долларга жакыны AIX биржасындагы портфелдик каражаттар болсо, ал эми 7,3 миллиард доллары-АЭКБнын катышуучу компанияларына таандык. Бул тууралуу Касым-Жомарт Токаев жана Армениянын Президенти Ваагн Хачатурянга каржы борборунун жетекчиси маалымдады. Бүгүнкү күндө бул жерде 3200дөн ашык өлкөдөн 80ге жакын компания иштейт. Алардын ичинде Армениянын 6 ири түзүмү бар. Ошондой эле каржы борборунун соттору, эл аралык арбитраждык борбор, борбордогу сот тутумунун өзгөчөлүгү жөнүндө да айтылды. Ал эми каржы кызматтарын жөнгө салуу комитети менен Армениянын Борбордук банкы өз ара кызматташуу жөнүндө меморандум түзүштү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков