Казакстанда 1,4 миллион гектардан ашык жерге үрөн себилди

Казакстанда 1,4 миллион гектардан ашык жерге үрөн себилди

Республикада жазгы талаа жумуштарынын алкагында бир жарым миллион гектардан ашык жерге үрөн себилди. Түштүк аймагынан башталган акцияга өлкөнүн батыш жана чыгыш аймактары кошулду. Өнөр жай министрлигинин маалыматы боюнча, быйыл жалпысынан 23 жарым миллион гектар жерге айыл чарба өсүмдүктөрүн себүү пландалууда. Кылкандуу дан эгиндери, тоют өсүмдүктөрүнүн ошондой эле кант кызылчасынын айдоо аянтын көбөйтүү мерчемделип жатат. Ошол эле учурда, социалдык маанидеги күн карама, жемиш бакча, картошка жана гречка аянттары кеңейет. Жалпысынан Кең-дала программасынын алкагында жазгы өнөктүктү каржылоого 140 миллиард теңге каралган. Бул 2 миллион гектарга жакын жерге үрөн себүүнү жана түшүмдү жыйноону камсыз кылууга багытталат. Учурда өлкөдө жер иштеткен дыйкандарга 133 миллиард теңге төлөндү.

Которгон: Илгиз Жамалбеков