Илим фонду пландары жана жыйынтыктары менен бөлүштү

«Илим фонду» илимий долбоорлордун натыйжаларын коммерциялаштыруу боюнча эң дараметтүү долбоорлорду каржылоо үчүн жаңы гранттык сынак жарыялайт. Арыздарды кабыл алуу бештин айынын 19да башталат. Сынакка алдыдагы эки жылда жалпысынан 22 миллиард теңге каралат. Айта кетсек, бир долбоорго 350 миллион теңгеге чейин грант берилет. Бүгүнкү күндө илим фонду жалпысынан 218 долбоор менен алектенет. Анын көпчүлүгү  активдүү ишке киришти. Алардын ичинен 16сы өз өнүмдөрүн чет өлкөлөргө да экспорттоодо. Өндүрүшкө киргизилген долбоорлордун жалпы сатылуусу 34 миллиард теңгеден ашты.

Юлия Вяткина, «Илим фонду» АК инвестициялар жана жаңы долбоорлор департаменти мүдүрүнүн милдетин аткаруучу:
- Негизинен кызыгуу тааныткандардын арасында КМШ өлкөлөрү, Кытай, Бириккен Араб Эмираттары бар. Бул жаатта айыл чарба өнүмдөрүн кайра иштетүү, төөнүн сүтүнөн саамал даярдоо сыяктуу долбоорлор бар. Жакшы ийгиликтерге жетишкен казакстандык товарлар да жеткиликтүү. Алардын сатылуусу бир миллиард теңгеден ашты. Мисалы, PC4U деген долбоор. Ага ылайык, өтө сезимтал компьютерлер өндүрүшү. Аны негизинен күч түзүмдөрү сатып алууда. Дагы бир өзгөчө долбоор – азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн товарлардын ПЦР-диагностикалык системасы.

Илим фондунун маалыматы боюнча, каржыланып, колдоо тапкан жана экономиканын өнүгүшүнө салым кошуп жаткан долбоорлордун басымдуу бөлүгүн айыл чарба, химия, медицина тармагындагы жаңы демилгелер түзөт. Мындан тышкары, геологиялык чалгындоо, туризм, санариптештирүү жана жасалма интеллект тармагындагы долбоорлорго колдоо көрсөтүлдү.

Юлия Вяткина, «Илим фонду» АК инвестициялар жана жаңы долбоорлор департаменти мүдүрүнүн милдетин аткаруучу:
- Казакстандын илимпоздорунун дарамети чоң. Буга жылдан-жылга коммерциялык пайда алып келип жаткан долбоорлордун көбөйүшү себеп. Азыр бизде Брайль шрифти боюнча машыгуусун жасоо боюнча долбоорубуз АКШда жана Сингапурда сатылууда. Долбоорлор түрдүү тармактарда жасалууда. Албетте, кээ бир тоскоолдуктар бар, бирок Илим Фонду аларды чечүүгө жардам берет. Биз грант алган илимпоздордун каражатты туура пайдалануусун көзөмөлдөп гана тим болбостон, Казакстандын экспортунун чет өлкөлөрдө суроо-талаптын пайда болушуна да жардам беребиз. Бул үчүн «Казакэкспорт», «Казтрейд» сыяктуу кесиптештерибиз жана эл аралык уюмдар менен тыгыз байланыш түзүп, экспортко болгон тоскоолдуктарды жоюуга аракет кылабыз.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков