Коргоо министри Казакстан армиясын реформалоо тууралуу маалымат берди

Коргоо министри Казакстан армиясын реформалоо тууралуу маалымат берди

Коргоо министри Акордада Казакстан армиясын реформалоо боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берди. Руслан Жаксылыков мамлекет башчысына «Коопсуз өлкө» улуттук долбоорун ишке ашыруунун жүрүшү, ошондой эле, Президенттин Куралдуу Күчтөрдүн түзүмүн жана курамын жаңыртуу жана аскердик даярдыкты өркүндөтүү, санариптештирүү ишин мындан ары улантуу, аскерий инфраструктураны өнүктүрүү, аскердик кызматтын кадыр-баркы жана тартымдуулугу боюнча берген тапшырмаларынын аткарылышы тууралуу айтып берди. Жолугушуунун соңунда мамлекет башчысы Куралдуу Күчтөрдү комплекстүү жана системалуу өнүктүрүүнү камсыз кылууга жана алардын аскердик даярдыгынын талап кылынган деңгээлин колдоого, ошондой эле, өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн мындан ары жогорулатууга багытталган бир катар тапшырмаларды берди.

Которгон: Илгиз Жамалбеков