К.Токаев Каратал районунун социалдык обьектилери менен таанышты

К.Токаев Каратал районунун социалдык обьектилери менен таанышты

Касым-Жомарт Токаевдин Жетису облусуна болгон иш сапары Каратал районунда уланды. Президент Ескелди Би айылында быйыл ачылган маданият үйүн көрүп чыкты. Азыр мында китепкана иштейт. Ошондой эле чоң энелердин жана домбрачылардын ансамблдери, бий ийрими сыяктуу чыгармачыл топтор бар.

Быйыл аймактын алыскы айылдарында беш маданият үйү оңдолуп, сегиз клуб салынды. Бирок, аймакта чыгармачыл демилге гана эмес, сергек жашоо образы дагы башкы багытка айланды. Ошондуктан айылдарда дене тарбияны өнүктүрүү максатында 15 спорттук объект пайдаланууга берилди. Алардын бири Ескелди Би айылында тургузулду. Жергиликтүү тургундар үчүн тогузкумалак, шахмат, шашки, бокс, күрөш, волейбол жана баскетбол секцияларынын эшиги ачык. Президент балдар менен маектешүү учурунда мамлекет өсүп келе жаткан муундун спорт менен машыгып, билим алуусуна шарт түзүп жатканын белгиледи.

Ал эми мамлекет башчысы Уштобе шаарында Кемел Токаев атындагы орто мектепке барды. Мүдүр президентке окуучулардын жетишкендиктери тууралуу айтып берди. Мамлекет башчысы Кемел Токаевдин музейи менен таанышты. Анда анын жеке буюмдары, сүрөттөрү, документтери жана китептери коюлган. Мектеп окуучулары жазуучунун өмүрүнө жана чыгармачылыгына арналган интеллектуалдык оюндарды, ошондой эле анын повесттеринин негизинде сахналаштырууну көрсөтүштү. Мамлекет башчысына мындан 15 жыл мурда түзүлгөн Кемел Токаев атындагы кайрымдуулук фондунун ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары тууралуу да айтып беришти. Андан соң Президент Каратал районунун жаңыланган чакыруу пунктун карап чыкты. Коргоо министри Куралдуу Күчтөрдүн Башкы кол башчысы Касым-Жомарт Токаевге Smart-аскер комиссариатынын долбоору тууралуу маалымат берди. Ал автоматтык түрдө 17 жашка толгон казакстандыктарды аскердик каттоого коёт. Ошондой эле, мекеме мобилизациялык ресурстардын маалыматтык системасын иштеп чыкты. Портал 16 жаштан 60 жашка чейинки бардык казакстандык эркектерди камтыйт. Санариптештирүүнүн аркасында азыр 7 миллионго жакын адам аскердик каттоодо турат. Коргоо министрлигинин дагы бир санарип долбоору - маалымат кызматы Armia.kz. ал аскер кызматчылары менен тарбиялык жана идеологиялык иштерди уюштурууга чакырылган. Касым-Жомарт Токаев аскерге чакырылгандар менен маектешип, аларга аскердик кызматында ийгиликтерди каалады.


Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:

- Өлкөгө кызмат кылуу-бул жарандык милдет. Бул абдан маанилүү иш, ыйык милдет. Аскердик чоң мансапка жетип, генерал аталыңыздар. Жарандык милдетти ар-намыс менен аткарыңыздар. Антка бекем болуңуздар!

Богдан Чумаков, Аскерге чакырылган:


- Мен Казакстандын армиясында кызмат өтөө сыймыгына ээ болдум. Өз Мекенине кызмат кылуу-ар бир жарандын милдети. Мөөнөттүү аскердик кызматты аяктагандан кийин УБТ баллдарын эсепке албай, грантка өтүү мүмкүнчүлүгүн пайдаланып, жогорку окуу жайына өтүүнү көздөп жатам.


Которгон: Илгиз Жамалбеков